Футбол: бүгүн беттешчү 4 команданын тизмеси

Жарым финалда ойной турган эки команда белгилүү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бүгүн, 7-июль күнү, Швеция менен Англия жана Россия менен Хорватия командалары жарым финалга чыгуу үчүн ат салышат.

Шведдер менен англичандардын оюну Самара шаарында Бишкек убактысы менен саат 20.00дө өтсө, ал эми россиялыктар хорваттар менен Сочиде түнкү саат 12де беттешмекчи.

Эске салсак, кечээ чейрек финалга чыккан Бельгия бразилиялыктарды, француздар Уругвайдын командасын утуп, жарым финалга чыгышкан.