Бельгия курама командасы жарым финалга чыкты

Бельгия кийинки тепкичте Франция курамасы менен беттешет.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Казань шаарындагы футбол талаасында Бельгия менен Бразилиянын футбол боюнча курама командалары беттешип, жеңишке бельгиялык спортчулар жетти.

Беттеш 2:1 эсебинде аяктады. 

1 / 3
Казань шаарындагы футбол талаасында Бельгия менен Бразилиянын футбол боюнча курама командалары беттешип, жеңишке бельгиялык спортчулар жетти.
2 / 3
Беттеш 2:1 эсебинде аяктады.
3 / 3
Ошентип Бельгия дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Кийинки тепкичте ал Франция курамасы менен беттешет.

Бельгия тараптан Кевин Де Брёйне бир гол киргизсе, экинчи голду өз дарбазасына бразилиялык Фернандиньо киргизип алды. Бразилиялыктардын атаанташтардын дарбазасына киргизген тобу Ренато Аугустого таандык. 

Ошентип Бельгия дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Кийинки тепкичте ал Франция курамасы менен беттешет.