Туура жаза аласызбы? Кезектеги тест

Туура жаза аласызбы? Кезектеги тест
Sputnik

Бул сапар да кайрадан сабаттуулукка кайрылдык. Учурда ката жазылган сөздөргө кадам сайын чалынып жаткандайбыз. Бир тамга, бир муун сөздүн маанисин жоготуп, келегей кепке айлантат. Мен алардын катарында эмесмин десеңиз, төмөндө өзүңүздү сынап көрбөйсүзбү?

Бизде тест деген толтура, каалашыңызча өтүп, каалашыңызча башкаларга бөлүшүп, сунуштасаңыз болот. Маселен, кыргыз кинолору тууралуу тесттен өтөм десеңиз, дапдаяр. Эгерде айран, сүт — ак туурасында тесттен билимимди сынайм десеңиз, эрк сизде. Ичтен кыңылдап, ырдап, обондуу ырларды эстөөгө ниет болсо, ал да бар. Айтор, сиздин бир каалооңуз. Каалаганын тандап алууга болот.