Суперкомпьютер Футбол чемпионатын ким жеңе турганын эсептеди

Эсеп чыгаруучу модель командалардын жеңишке болгон шансын анализдеген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Америкадан чыккан суперкомпьютер Россияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнө чемпионатында кайсы команда жеңүүчү аталарын болжолдуу эсептеп чыкты. Бул тууралуу Money Control экномикалык порталы жазды.

Футбол-2018: жарым финалга чыкчулар аныкталат. Беттештердин тизмеси
Америкалык Goldman Sachs банкынын эсеп чыгаруучу модели 2018-жылдагы футбол чемпионатын Бразилиянын курама командасы жеңет деген божомолун берди.

Андагы маалыматка ылайык, Бразилиянын жеңишке жетүү шансы 24,9 пайызды түзүүдө, экинчи орунга 15,8 пайыз менен Франция чыкты. Бирок турнирдик беттешүүлөр жазылган таблица боюнча Хорватия (англиялыктарды жеңип) менен Бразилиянын командалары финалдык бөлүктө беттешери болжолдонууда.