Радио

Мурзахматова: практикант эмнени үйрөнгүсү келсе ошону талап кыла алат

Intern.kg ишке орноштуруу платформасынын координатору Бегимай Мурзахматова практиканттар барган компаниясында чай ташып жүрбөшү керектигин айтты.
Sputnik
Мурзахматова: практикант эмнени үйрөнгүсү келсе ошону талап кыла алат

Практикант ишканадан эмнени үйрөнгүсү келсе ошону талап кыла алат. Бул тууралуу Бегимай Мурзахматова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, студент окуу жай аркылуу эмес өз алдынча барса да ишканадан өзүнө керектүү нерсени үйрөтүүнү талап кылууга укуктуу.

"Мен студенттерге айтар элем, практикага чыкканда чай, кофе ташып жүрбөгүлө. Силер кесибиңерге байланышкан нерселерди үйрөнгөнү бардыңар жана коркпой эле ошону талап кыла билгиле. "Мага бул программаны үйрөтүп коесузбу", "мен мындай нерселерди билейин дегем" деп практикалык жетекчиңерге түз айткыла. Силердин максат эптеп бүтүп кетүү эмес, окуп жаткан кесибиңерди тажрыйба жүзүндө да үйрөнүү. Мыйзам силердин укугуңарды коргойт" — деди Мурзахматова.

Ал окуу практикасынан иш жүзүндө ийгиликтүү өткөн студенттерге өз адистиги менен жумушка орношуу оңой болоорун кошумчалады.