Көлдө триатлон боюнча Азия кубогу менен Борбор Азия чемпионаты өтөт

Мелдешке 15 өлкөнүн спортчулары келет.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү эс алуу борборлордун биринде эки ири спорттук мелдеш өтө тургандыгын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Тилегине жетти! Кыргызстандык Бельгия дарбазачысынын футболкасына ээ болду. Сүрөт
Билдирмеге ылайык, триатлон боюнча Азия кубогу менен Борбор Азия чемпионаты 7-8 июль күндөрү өтөт.

Мелдешке 15 өлкөнүн спортчулары катышат. Анда профессионалдар да, ышкыбоздор да күч сынаша алат.

Уюштуруучулар — спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция менен КРдин триатлон федерациясы. Мелдешти уюштуруу үчүн 635 миң сом каралган.