Финчалгындоо кызматынын башчылыгына Гуламжан Анарбаев дайындалды

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы болуп Гуламжан Анарбаев дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган кызматтын мурдагы жетекчиси Айбек Кадыралиев июль айынын башында кызматтан алынган.