Борбор Азия президенттери киборг менен жолугушту. Сүрөт

Софияны 2016-жылы Американын Остин шаарында эл алдына алып чыгышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Борбор Азия президенттери София аттуу киборг менен жолугушту. Аны "Астана" эл аралык бизнес борборунун презентациясында тартылган сүрөттөрдөн көрүүгө болот.

Алардын биринде өлкө башчылар адам баласын жок кылам деп сөз берген София менен маектешип турат. 

1 / 2
Борбор Азия президенттери София аттуу киборг менен жолугушту.
2 / 2
Презентация учурунда президенттерге санариптик сот системасын, финансылык супермаркет, кибер коопсуздук тууралуу долбоорду көрсөтүштү.

Презентация учурунда президенттерге санариптик сот системасын, финансылык супермаркет, кибер коопсуздук тууралуу долбоорду көрсөтүштү.

Софияны 2016-жылы Американын Остин шаарында эл алдына алып чыгышкан. Аны Hanson Robotics фирмасынын адистери иштеп чыгышкан. Адамдар менен сүйлөшө алган роботко Сауд Аравиянын жарандыгын беришкен.