Бишкекте дагы бир көчөнүн бир бөлүгү ремонт үчүн жабылды

Баялинов көчөсүндөгү оңдоо иштери 30-августта аяктайт.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бишкектеги Баялинов көчөсүнүн Тоголок Молдо менен Исановго чейинки бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Ремонт иштери 7-июлда башталат. Анын алкагында жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар орнотулуп, ирригациялык системалар жакшыртылат. Ошондой эле жол белгилери дагы коюлат.

Жол 30-августта ачылат. Айдоочулар Боталиев (мурдагы Щербаков) көчөлөрү менен жүрсө болот.