Эртеңден тарта Бишкектеги көпчүлүк маршруткалардын багыты өзгөрөт. Тизме

Мындай көрүнүш утурумдук гана.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 7-июль, ишембиден тарта Бишкектеги эл ташыган маршруткалардын багыты өзгөрөрүн мэриядан билдиришти.

 Киев көчөсү менен Манас проспектиси убактылуу жабылат. Буга ылайык, ишембиде саат 8:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү микроавтобустардын багыты өзгөрөт.

Бишкекте дагы бир көчөнүн бир бөлүгү ремонт үчүн жабылды
103, 107, 109, 129, 135, 136, 143,150, 164, 192, 196, 199, 219, 220, 224, 225, 227, 243, 254, 258, 260, 262 маршруткалары Чүй проспектиси аркылуу каттайт.

№7 троллейбус цирктин жанына чейин гана жүрүп, №14 троллейбус убактылуу токтойт.

Ал эми №42 автобус Чүй проспектиси менен жүрсө, №9 автобус Токтогул жана Москва көчөлөрү менен каттайт.