Көп кабаттуу үйлөрдүн биринде баласы менен подъездке кирип, лифтке түшөйүн деп жаткан аялды бейтааныш киши тоноп кетти. Бул тууралуу Kalicha Aidaralieva өзүнүн Facebook баракчасына жазып, окуянын видеосун жүктөдү.
Анын айтымында, жабырлануучу анын эжеси болот. Окуя 1-июлда саат 12.00дөр чамасында болгон. Сумканын ичиндеги капчыкта ири суммадагы акча болгон.
Бишкек ШИИББ тоноочулук фактысын ырастады.
"Кылмыш Октябрь райондук ИИБде каттоого алынды. Факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 167-беренеси (тоноочулук) боюнча кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.
Учурда милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп жатат.