Жээнбеков, Назарбаев, Мирзиёев жана Рахмон Астанада. Сүрөт

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери "Астана" эл аралык финансы борборуна барышты.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери менен Астана шаарынын 20 жылдыгына арналган мааракеге катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

1 / 4
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери менен Астана шаарынын 20 жылдыгына арналган мааракеге катышты
2 / 4
Жээнбеков Астана шаарына бир күндүк иш сапары менен барган
3 / 4
Ал казак президенти Нурсултан Назарбаев, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев, тажик президенти Эмомали Рахмон менен чогуу "Астана" эл аралык финансы борборуна барды
4 / 4
Ал 5-июлда ачылып, ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсү өткөн жерде жайгашкан

Сооронбай Жээнбеков астаналыктарды калаанын 20-жылдыгы менен куттуктады. Видео
Жээнбеков Астана шаарына бир күндүк иш сапары менен барган. Ал казак президенти Нурсултан Назарбаев, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев, тажик президенти Эмомали Рахмон менен чогуу "Астана" эл аралык финансы борборуна барды. Ал 5-июлда ачылып, ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсү өткөн жерде жайгашкан. Борбор негизинен эл аралык финансы кызматтарын, фондулук биржа жана эл аралык коммерциялык арбитраж, инвестиция тартуу, капитал рыногун өркүндөтүү, активдерди башкаруу жана жаңы технологияларды өнүктүрүү жаатында иш алып барат.

Сүрөттөн борбор менен таанышып жаткан президенттерди жана алардын жылмайып турганын көрүүгө болот.

Ошондой эле бүгүн Нурсултан Назарбаев 78 жашка чыкты. Жээнбеков казак лидерин туулган күнү менен да куттуктаган.