Акжол Махмудов атаандашын көтөрүп чаап жеңгенде... Түркиядагы видео

Балбан килемде 77 килограмм салмакта күч сынашат
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов Түркияда өтүп жаткан жаштар арасындагы "Champions — 2018" мелдешинин финалдык бөлүгүнө жолдомо алды.

Эл аралык турнир 4-июлда Стамбулда башталган, 7-июлда жыйынтыкталат. Махмудов жеке машыктыруучусу Мейрамбека Ахметов менен барган.

Кечээ, спортчу 77 килограмм салмакта биринчи кармашын өткөргөндүгүн Түркиянын Күрөш федерациясынын YouTube каналында жайгаштырылган.

Квалификациялык кармашында финляндиялык балбанды 8:0 упай эсебинде таза жеңиш менен утту.

Чейрек финалда азербайжандык спортчуну 5:2 эсебинде жеңген.

Ал эми финалга чыгуу үчүн түркиялык балбанды 12:3 эсебинде артта калтырган.