Элжиреткен экөө. Африкадагы жетелешкен пингвиндердин видеосу

Пингвиндердин адаттан тыш видеосун интернетте 2 миллиондон ашуун адам көргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жетелешип, кумдуу жээкте басып жүргөн пингвиндердин интернетке жарыяланган видеосу көптөрдүн жүрөгүн элжиретти.

Twitter баракчасындагы видеодо жүргөн эки жаныбарды көргөндөргө бири-бирине арзыган жуптар элестеши мүмкүн.

​Видеонун автору каармандарды аны жакын тууганы Түштүк Африкадан тартып алгандыгын жазган.

Пингвиндердин адаттан тыш видеосун интернетте 2 миллиондон ашуун адам көрүп, 45 миң адам бөлүшкөн.

"Моя планета" сайты пингвиндердин Африкада жүрүшү көптөрдү таңгалдырганын жазды. Ага видеонун алдына жылуу климатты жактырган африкалык пингвиндер бар деген жооптор жазылган.