Жума күнүнө карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Жума күнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, Чүй жана Талас облусунда абанын температурасы 32…37 градуска чейин ысыйт. Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында ысыктын күчү 33…38 градуска чейин жетет. Ысык-Көл менен Нарында 25…30 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, табы 34…36 градуска чейин көтөрүлөт.