Кыргызстанга келген туристтерге маалыматтык буклет таратылат

Анда күч структуралары менен күнү-түнү иштеген ыкчам жардам көрсөтүү кызматтарынын телефондору жазылган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстанга эс алганы келе турган туристтер үчүн 40 миң нускада маалыматтык материал даярдалганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Бул стикерлер менен буклеттерде Кыргызстандын күч структуралары менен күнү-түнү иштей турган ыкчам жардам көрсөтүү кызматтарынын телефондору көрсөтүлгөн.

"Мындан тышкары, өлкө аймагында эреже бузууларга каралган Административдик жаза, туристтер менен мамлекеттик орган кызматкерлеринин укугу тууралуу маалымат камтылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Буклеттер туристтерге "Чалдыбар", "Достук" жана "Черная речка" пунктуларында таратылууда.