Радио

Саматов: айыл чарба тармагы тамчылатып сугаруу системасына өтүшү керек

Айыл чарба инженери, техника илимдеринин кандидаты Манас Саматов жер иштетүү тармагына бир топ өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айтты.
Sputnik
Саматов: айыл чарба тармагы тамчылатып сугаруу системасына өтүшү керек

Айыл чарба тармагы толук кандуу тамчылатып сугаруу системасына өтүшү керек. Бул тууралуу Манас Саматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган системаны пайдалануу менен суу бир топ үнөмдөлөт.

"Жер иштетүүдө көптөгөн каталарды кетирип келебиз. Көпчүлүк учурда бак тигип, анын астына жер айдап, картошка тигип салабыз. Мындай кылуу таптакыр туура эмес. Бак тиккенден киийн анын жанына бактан башка эч нерсе өстүрбөш керек. Анткени жердеги азыктын баары бир гана бакка бөлүнүшү шарт. Жада калса отоо чөп баспаш керек. Дагы бир көйгөй — тамчылатып суугаруу системасына өтпөй жатканыбыз. Эгер бул системаны толук өздөштүрүп алсак суу бир топ үнөмдөлмөк", — деди Саматов.

Ал дыйкандардын ысык жакта өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди салкын аймакта өспөйт дегени туура эмес түшүнүк экенин кошумчалады.