Бельгиянын дарбазачысы кыргызстандык күйөрман менен байланышка чыкты

Футболчу менен күйөрмандын ортосундагы сөз азырынча купуя.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бельгия курама командасынын резервдеги дарбазачысы Симон Миньоле кыргызстандык күйөрман Арсен Алтыбаев менен байланышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине фанат өзү билдирди.

Кыргызстандык жеткинчек Россия — Хорватия беттешинде оюн талаасына топ алып чыгат
Буга чейин социалдык тармакта Бельгия курама командасы менен "Ливерпулдун" дарбазачысынан футболка сураган кыргызстандык күйөрман тууралуу маалымат тараган. Ростов-на-Дону шаарында өткөн Бельгия менен Япониянын оюнунда футбол ышкыбозу "Mignolet can I have u'r t-shirt?" ("Миньоле, мен сенин футболкаңды ала аламбы?") деген плакаты менен түшүп калган сүрөтү талкууга түшкөн.

Беттештен кийин Миньоле күйөрманын издеп, ал эми посттордо Алтыбаевдин Instagram баракчасы көрсөтүлгөн.

Арсен Миньоле Instagram баракчадагы жекече жазышуулар — Direct бөлүмүнө жазганын айтып берди.

​"Эмне тууралуу сүйлөшкөнүбүз сыр боюнча тура турсун. Жакында Казань шаарында жолукмай болдук. Футболкасы жөнүндө деле айткан жокмун. Колун кысып койсом кубанычта болом. Бул мен үчүн абдан маанилүү", — деди Алтыбаев.

Бир күндө эле атактуу боло түшкөн Арсен Алтыбаев менен Sputnik Кыргызстан агенттиги да маек курган.