Канададагы ысык 17 кишинин өмүрүн алды

Монреаль менен Торонто шаарларында "муздатуучу борборлор" ачылып, элге муздак суусундуктар таратылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Канадада ысык аба ырайынан улам 17 киши каза болгонун Global and Mail басылмасы жазды.

Июль айына карата аба ырайы
Ага ылайык, Монреаль шаарында абанын температурасы 40 градустан жогору болуп, 12 киши каза болгон. Синоптиктердин билдиришинче ысык аба ырайы шаарда жума күнгө чейин сакталаары айтылууда.

Андан сырткары, дагы беш киши өлкөнүн чыгыш аймагында көз жумган. Өлкөнүн Тез жардам кызматынан маалымдашкандай, күн сайын миңдеген телефон чалуулар болууда.

Монреаль менен Торонто шаарларында "муздатуучу борборлор" ачылып, элге муздак суусундактар таратылууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда дагы абанын температурасы 40 градуска чейин жетерин Кыргызгидромет эскерткен болчу.