Радио

Термечиков: жабдуулар болсо бөйрөктү бекер алмаштырууга даярбыз

Улуттук госпиталга караштуу урология илимий борборунун кабыл алуу жана операция жасоо бөлүмүнүн башчысы Токтобек Термечиков бөйрөккө чет мамлекеттен трансплантация жасатып келгенден кийин ичилүүчү дарылар өлкөдө жок экендигин айтты.
Sputnik
Термечиков: жабдуулар болсо бөйрөктү бекер алмаштырууга даярбыз

Өкмөт шарт түзүп, керектүү жабдуулар менен камсыздаса биз бөйрөк алмаштырууда бекер иштегенге даярбыз. Мындай пикирин Токтобек Термечиков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бөйрөккө трансплантация жасоо үчүн кыргыз урологдорунун билим деңгээли жетиштүү. Көйгөй операцияга керектелүүчү аппараттардын жоктугунда.

"Биз шарт түзүлсө акысыз операция жасап, бөйрөк алмаштырганга даярбыз. Тилекке каршы, мындай мүмкүнчүлүгүбүз жок болгондуктан адамдар башка мамлекеттерге барып, көп чыгым коротуп жасатып келүүгө мажбур болушууда. Бейтап операциядан кийин да атайын дарыларды ичиши керек. Алар кымбат турат, бизде сатылбайт. Чет жерден бөйрөгүн алмаштыргандан кийинки дарыларды ала албай калып, жапжаш улан-кыздар бизге келишет. Мүмкүнчүлүгүбүздүн жоктугунан эч нерсе кыла албайбыз", — деди Термечиков.

Ал бөйрөк оорулары жылдан-жылга жаштар арасында көбөйүп жаткандыгын кошумчалады.