Эмне үчүн эркектер шизофренияга аялдарга караганда көбүрөөк кабылат

Америкадагы элди каттоо жана социалдык сурамжылоолордун жыйынтыгында акыл-эс ооруларына кабылган бир аялга 3-4 оорулуу эркек туш келери белгилүү болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. АКШ окумуштуулары эмне себептен эркектер аялдарга салыштырмалуу шизофрения жана аутизм илдеттерине көбүрөөк чалдыгарын иликтеп чыгышты. Бул тууралуу Nature Communications журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Орус окумуштуулары инфаркт дартын дарылоонун жаңы жолун табышты
Америкадагы элди каттоо жана социалдык сурамжылоолордун негизинде акыл-эс ооруларына кабылган бир аялга 3-4 оорулуу эркек туш келери белгилүү болгон. Мындан улам окумуштуулар чычкан менен момолойлорду иликтөөгө алып, эркек чычкандын ДНКсындагы OGT деп аталган ген ургаачылардыкына салыштырмалуу өтө аз экенин аныкташкан.

"OGT гени белокторду пайда кылат. Ал эми белок мээ ооруларын чакырган кычкылтек жетишсиздиги, стресс, кыжырлануу сыяктуу нерселерге каршы иштейт. Эркектерде бул ген азыраак болгондуктан, керектүү учурларда жетиштүү белок иштеп чыгарууга жетишпей калат. Демек адамды оорудан сактай албайт", — деди АКШдагы Мэриленд университетинин окумуштуусу Трэйси Бейл.

Ошол себептүү илимпоз, шизофрения менен аутизмди алдын алуу үчүн адамдын организминдеги OGT генинин деңгээлин текшерип, аз болгон учурда толуктоо жолу менен кишини илдеттен сактап калса болорун айтты.