Укмуш! Дүйнөдөгү өзгөчө фонтандар сүрөттө

Sputnik

Бүгүн адистер заманбап технологияларды колдонуу менен көз жоосун алган фонтандарды жасай баштады.

Дүйнөдөгү өзгөчө фонтандар Sputnik агенттигинин сүрөт түрмөгүндө.

1 / 10
1995-жылы Австрияда "Сваровскинин хрусталь дүйнөсү" аттуу музей ачылган. Альп тоолорунан анча алыс эмес жайгашкан музейдин ичинде баштын аябай чоң макети жасалган. Анын көзү дайыма жалтырап турат. Ал эми оозунан атылып турган оргума менен кошо жипке илинип турган хрусталдар "агып" жаткандай көрүнөт.
2 / 10
Дубайда көп кабаттуу имараттар менен тең музыкалык фонтан бар. Ал аянты 12 гектарга жеткен жасалма көлдүн үстүндө жайгашкан.
3 / 10
Бул фонтан Лас-Вегас шаарында, аны "Оушендин 11 досу" тасмасынан көрүүгө болот.
4 / 10
Сеул шаарындагы Ханган суусундагы көпүрө-фонтан. Мүнөтүнө 190 тонна суу сарптайт.
5 / 10
Дүйнөдөгү эң ири фонтан Сингапурда. Аталышы — "Байлык фонтаны". Аянты — 1683 чарчы метр, бийиктиги — 14 метр, салмагы — 85 тонна.
6 / 10
"Монжуика" фонтанын Барселона шаарына 1929-жылы курушкан. 1992-жылкы Олимпиаданын алдында шаар бийлиги аны ремонттогондон кийин ал музыкалык оргумага айланган.
7 / 10
Кытайдагы Чанъан шаарындагы бул оргуманын бассейни жер алдына жашырылган. Ошондуктан асфальттын үстүнөн эле суу атылып чыгып жаткандай көрүнөт.
8 / 10
Москва шаарындагы өзгөчө фонтан. Күн ысык маалда анын жанына киши батпай калат.
9 / 10
Москва шаарындагы дагы бир уникалдуу бул фонтандын жанына сүрөткө түшкөндү жакшы көрүшөт
10 / 10
Россиянын борбор калаасындагы бир капталына кыйшайган фонтан.