Өкмөттүк трассада өзгөчө веложол пайда болот. Эскиз

Веложолдун узундугу 18 чакырымга жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкектин Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилерине бордюрлар орнотулуп, асфальт төшөө иштери аткарылып жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

1 / 7
Бишкектин Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилерине бордюрлар орнотулуп, асфальт төшөө иштери аткарылып жатат
2 / 7
Мындан сырткары, аталган проспектилерде атайын веложол дагы пайда болот
3 / 7
Долбоордо веложол, кичи архитектуралык формалар жана жарандардын кыска тыныгуусу үчүн шарт түзүү каралган
4 / 7
Веложолдун өзгөчөлүгү — унаа жүргөн жолдон обочолонуп тосулат
5 / 7
Ал Семетей көчөсүнөн башталып Жибек Жолу проспектисине чейин жетет
6 / 7
Узундугу 18 чакырым. Ушул эле аймактын тротуарларын дагы жакшыртуу каралган
7 / 7
Белгилей кетчү жагдай, аталган долбоордун алкагында проспектилердин жарыктандыруусун, ирригациялык система жана жөө адамдар өтө турган чийиндерди жаңыртуу каралган.

Мындан сырткары, аталган проспектилерде атайын веложол дагы пайда болот.

"Долбоордо веложол, кичи архитектуралык формалар жана жарандардын кыска тыныгуусу үчүн шарт түзүү каралган. Веложолдун өзгөчөлүгү — унаа жүргөн жолдон обочолонуп тосулат. Ал Семетей көчөсүнөн башталып Жибек Жолу проспектисине чейин жетет. Узундугу 18 чакырым. Ушул эле аймактын тротуарларын дагы жакшыртуу каралган", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетчү жагдай, аталган долбоордун алкагында проспектилердин жарыктандыруусун, ирригациялык система жана жөө адамдар өтө турган чийиндерди жаңыртуу каралган.