Согуш талаасындай... Баткенде күйүп кеткен май куюучу жайдын сүрөттөрү

Май куюучу жайдан тышкары кеңсе жана он машина өрттөнгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районундагы май куюучу жайдын өрттөнүп кеткенден кийинки сүрөтүн ӨКМ таратты.

4-июлда кечинде Тажикстандын чек арасына жакын жайгашкан Жаштык айылында май куюучу жай өрттөнүп кеткен.

1 / 5
Баткен облусунун Лейлек районундагы май куюучу жайдын өрттөнүп кеткенден кийинки сүрөтүн ӨКМ таратты.
2 / 5
4-июлда кечинде Тажикстандын чек арасына жакын жайгашкан Жаштык айылында май куюучу жай өрттөнүп кеткен.
3 / 5
Анын кесепетинен бир кыргызстандык менен Тажикстандын үч жараны жабыркаган.
4 / 5
КР жаранынын колу жана башы күйүп, ооруканага жаткырылган.
5 / 5
Тажик жарандары өз мекенинде дарыланып жатат.

Анын кесепетинен бир кыргызстандык менен Тажикстандын үч жараны жабыркаган. КР жаранынын колу жана башы күйүп, ооруканага жаткырылган. Тажик жарандары өз мекенинде дарыланып жатат.

Кырсыктын себеби такталууда.