Бактыгүл Жээнбаева Жээнбековго кеңешчи болуп дайындалды

Тийиштүү буйрукка Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бактыгүл Жээнбаева президент Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп дайындалганын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Финансылык чалгындоо кызматынын башчысы иштен алынды
Ага ылайык, тийиштүү буйрукка өлкө башчысы кол койгон.

Жээнбаева 1960-жылы туулган. Экономика илимдеринин кандидаты, учурунда "Кыргызстан коммерциялык банкынын" директорлор кеңешинин төрайымы, Улуттук банктын жетекчиси кызматтарын аркалаган. Ошондой эле "Айыл банктын" башкаруучулугунун төрайымы болгон.

Кыргыз, орус жана англис тилин билет.