Тилегине жетти! Кыргызстандык Бельгия дарбазачысынын футболкасына ээ болду. Сүрөт

Арсен Алтыбаев Симон Миньоленин колунан футболка алды.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бельгиянын футбол боюнча курама командасынын дарбазачысы Симон Миньоле кыргызстандык күйөрманы Арсен Алтыбаевге футболкасын тартуулады. Жолугушуунун сүрөтүн кыргызстандык Instagram баракчасына жарыялады.

Эскерте кетсек, Бельгия менен Япония беттешип жатканда Алтыбаевдин "Mignolet can I have u'r t-shirt?" ("Миньоле, мен сенин футболкаңды ала аламбы?") деген плакаты менен түшүп калган сүрөтү талкууга алынган. Футболчу күйөрманын издеп табууга аракет кылып, Алтыбаевдин социалдык баракчасына билдирүү жазган. 

"Аябай мээримдүү адам экен. Алайлык карышкырларга салам жолдоду", — деп жазды сүрөттүн алдына Арсен.

Жолугушуу Казань шаарында өттү.