Россияда айдоочунун ичип алганын аныктоочу жаңы ыкма чыкты

Эсин жоготкон айдоочудан анализ алууга шарт түзгөн документке президент 3-апрель күнү кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Россияда жол кырсыгына кабылган айдоочунун ичимдик ичкен-ичпегенин текшерүүчү жаңы ыкма иштей баштады. Бул тууралуу "Жолдогу коопсуздук" коомдук кыймылынын жетекчиси Артем Угрюмовго шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Жол кырсыгына кабылып, эс-учун жоготуп койгон айдоочулардын канынан анализ алууга уруксат берген документке өлкө президенти 3-апрелде кол койгон.

"Мурда айдоочунун ичкени бир гана тестке үйлөтүү жолу менен аныкталчу. Ал эми эс-учун жоготкон айдоочуну үйлөтүү мүмкүн болбогондуктан, анын ичкенин аныктоо дээрлик мүмкүн эмес эле", — деди Угрюмов.

Рекорд! Жол эрежесин бузган айдоочуларга бир жумада 12,5 млн. сом айып салынды
Анын айтымында, эми жол кырсыгы болгон жерге атайын жабдуулары бар унаа келет дагы, айдоочунун канынан анализ алып, дароо жыйынтыгын чыгарып берет.

Ал эми акыл-эсинде турган айдоочулар эки ыкманын бирин тандоого укугу бар.

Жаңы киргизилген ыкма жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө жаатында укук бузууларга каршы иштейт деп кошумчаланды.

Белгилей кетсек, 2017-жылы Россияда мас абалдагы айдоочулардын катышуусу менен 16,2 миң жол кыргысы болуп, жыйынтыгында 4,6 миң адам каза тапкан.