ӨКМ: апта соңунда Кыргызстанда күн катуу ысыйт

Айрым аймактарда аба ырайынын температурасы 40 градуска чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандын аймактарында күн ченемден тышкары ысый турганын ӨКМден маалымдашты.

Нефтетрейдерлер бензиндин июлдагы баасына божомолун айтышты
Билдирмеге караганда, 7-9-июль аралыгында Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында аба ырайынын температурасы 35…40 градуска чейин жетет. Ысык-Көл ойдуңунда 27…32, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36 градус ысык болот.

Тоолуу райондордо 21…26, бийик тоолордо 15…20 градуска чейин жылый турганы айтылды.

Мындай учурда ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн көбүрөөк сугаруу сунуш кылынат.