Жусуп Мамайдын чөбөрөсү кыргыз бийлери тууралуу китеп жазды

Китеп кыргыз, орус, англис тилдеринде жарык көрмөкчү.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Этно бийчи Тургунаалы Турсунаалы Жусуп Мамай теги кыргыздын улуттук 19 бийинин маани-маңызын түшүндүргөн "Көчмөн кыргыз бийи өнөрү" аттуу китеп жазды. Анын бет ачары эртең 5-июль күнү Бишкектеги Улуттук китепканада болорун автор өзү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынга билдирди.

"Алгач китептин кыргыз тилиндеги варианты чыгарылды. Аны биз пилоттук долбоор катары сунуштаганы жатабыз. Көчмөндөр оюндарына жана улуу манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган бул китеп орус жана англис тилдеринде чыгарууну көздөп турабыз. Менин эмгегимде улуттук бийдин 19 түрү камтылып, алардын маани-маңызы, үйрөнүү жолдору сүрөттөрү менен көрсөтүлгөн", — деди автор.

"Манас" эпосу англис тилине которулуп, Amazon аркылуу сатылууда
Анын айтымында, китепти орус, англис тилинде жана бий үйрөтүүчү видеолорду даярдоо долбоору менен "Жей-Инвест Консалтинг" фирмасынын негиздөөчүсү Женни Жеңиш кызы алектенүүдө.

Жеңиш кызынын маалыматына караганда, китеп Ишеналы Арабаев университетинин окумуштуулар кеңешинин сынынан өтүп, эми аны мектептерде жана жогорку окуу жайларда окуу куралы катары колдонуу сунушталып жатат.