КММАга окууга өтүү үчүн ортомчунун кереги жок. ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр түз эле өздөрү келип тапшырса өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кимдин упайы канча экени таблодон ачык эле көрүнүп турат.
"Мисалы окууга тапшырып жаткан бирөөнүн ЖРТсынын баллы 490 болсо ошол сан монитордон көрүнүп турат. Бирдей балл алган бир нече абитуриент болуп калса, алгач тоолуу аймактан келген бүтүрүүчү окууга кабыл алынат. Андан соң айылдык мектепти аяктагандарга мүмкүнчүлүк берилет. Шаар мектебин бүткөндөр кийинки орунга жылат. Ушинтип программа өзү автоматтык түрдө эсептеп чыгарып турат. Баары ачык көрүнүп тургандыктан, эч ким өзгөртүп кое албайт. Ар бир окуучу өзүнүн канча балл менен келгенин билет да. Биздин окуу жайга өтүү үчүн ортого киши салуунун кажети жок", — деди Ырысов.
Ал акча алып академияга өткөрүп коем дегендерге таптакыр ишенбеш керектигин кошумчалады.