Радио

Молдоташев: эркектер жүрөк оорусуна эрте кабылат

Профессор, кардиолог Ишенбай Молдоташев барган сайын жүрөк, кан тамыр оорулары жашарып баратканын айтты.
Sputnik
Молдоташев: эркектер жүрөк оорусуна эрте кабылат

Аялдарга караганда эркектер жүрөк, кан тамыр ооруларына эрте кабылат. Мисалы, аялдар жүрөк оорусуна 50-60 жашында чалдыкса, эркектер 40 жашында эле ооруп калышат. Бул тууралуу Ишенбей Молдоташев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул табигый көрүнүш.

"Аталган оору менен ооругандардын саны жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. Мурда бизге жашы өтүп калгандар кайрылса, азыркы кезде, тилеккке каршы, жаштардын саны арбып жатат. Статистика боюнча аялдарга караганда эркектер жүрөк оорусуна эрте кабылат", — деди кардиолог.

Ал жүрөк оорусуна стресс себепчи болорун кошумчалады.