Дөңгөлөгү жарылып кетип, эл ташыган маршрутка аңтарылып калды. Сүрөт

Автоунаа Ысык-Көл облусунан Бишкекти көздө келе жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда кичи автобус кырсыктап, төрт киши жабыркады. Бул туурасында Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя болжол менен 19.00 чамасында, жолдун 78-чакырымында Токмок шаарында болгон.

1 / 4
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда кичи автобус кырсыктап, төрт киши жабыркады
2 / 4
Окуя болжол менен 19.00 чамасында, жолдун 78-чакырымында Токмок шаарында болгон.
3 / 4
Жүргүнчү ташыган №502 номерлүү бус (Жети-Өгүз — Бишкек) каттамы менен Ысык-Көлдөн Бишкекти көздөй келе жаткан.
4 / 4
Милициядан автоунаанын оң дөңгөлөгү жарылып, жолдун каршы тилкесине чыгып, андан соң аңтарылып калгандыгын айтышты.

Милициядан төрт киши жабыркагандыгын, алардын экөө балдар экендигин кошумча билдиршти. Жабыркагандар ооруканага жактырылган.