Бишкекте милициянын автоунаасы кырсыктады. Сүрөт

Бактыга жараша, эч ким жабыркаган жок.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бишкекте Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Reno Logan үлгүсүндөгү автоунаасы менен Subaru Outback үлгүсүндөгү машина кагышты. Бул тууралуу күбө билдирди.

ДТП с участием патрульной машины на пересечении улиц Абдрахманова и Суеркулова

Жол кырсыгы Абдрахманов менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде эртең менен саат 8:45тер чамасында болгон.

Жол кырсыктан аялдын эки буту тең сынды. Арча-Бешиктен тартылган видео
Күбөлөрдүн айтымында, машина айдап бараткан кыздын бетине күн тийип, милициянын автоунаасын көрбөй калган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсыгы болгонун тастыктап, милициянын машинасы Сүйөркулов менен баратканын, Subaru болсо Абдрахманов менен келе жатканын айтты. Жол кырсыгынан эч ким жабыркаган жок.

Жакында эле милициянын машинасы катышкан дагы бир жол кырсыгы катталган.