КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Кадр кызматына өттү

Тийиштүү жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өттү. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын өркүндөтүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу процессине практикалык багыт берүү максатында кабыл алынган.

"Мамлекеттик кадр кызматы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен бирдикте 15 жумушчу күндүн ичинде КР президентинин аппаратынын кароосуна ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизет", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин өлкө башчысы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, анын ичинде региондордогу жетекчилердин квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти күчөтүү милдетин койгон.