"Ысык-Ата" курортуна алып барчу жолдо сел жүрдү. Сүрөт

Табигый кырсык катуу жааган жаандын кесепетинен келип чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда унаа жолдо сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

1 / 2
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда унаа жолдо сел жүрдү.
2 / 2
Билдирүүгө ылайык, катуу жааган жаандын кесепетинен шагыл аралашкан сел Красная-Речка —"Ысык-Ата" курорту унаа жолунун 40-чакырымын каптап кеткен.

Билдирүүгө ылайык, катуу жааган жаандын кесепетинен шагыл аралашкан сел Красная-Речка —"Ысык-Ата" курорту унаа жолунун 40-чакырымын каптап кеткен.

"Кырсыкты алды алуу үчүн атайын техникалар тартылып учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Унаа жолдун бир тарабы ачык", — деп жазылат маалыматта.

ӨКМ кошумча маалымат берилерин айтты.