Тирүү экен! Үңкүрдөн чыкпай калган 12 баланы 10 күндөн кийин табышты

Таиланддык юниорлордун жергиликтүү футбол командасынын 13 оюнчусу машыктыруучусу менен кошо 23-июнда үңкүргө кирип кетишкен. Балдар 11-16 жаш куракта болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Таиланддагы үңкүрдөн машыктыруучусу менен кошо жоголуп кеткен футболдук команданы таап чыгышты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Балдар суу ташкынынан кийин жети чакырым тереңдиктеги үңкүрдө калып, тамак-ашсыз, суусуз 10 күндөй чыдаган. Аларды Таиландга атайын издөө үчүн келген британиялык дайверлер алып чыккан.

12 бала менен 25 жаштагы машыктыруучуну Тхам Луанг үңкүрүнөн табышкан. ЖМКлар дайверлердин башына тагылган суу алдында пайдаланылуучу фонардан түшкөн жарыкта асканын түбүндө бүрүшүп, бирок бактылуу жүз менен отурган балдардын сүрөтүн жарыялады. Алар суу алдынан капыстан эле чыгып келе жаткан суучулдарды карап турушат.

Учурда балдар Таиланддын аскер деңиз кызматынын дарыгерлери карап жатат.

Латвияда куткаруучу көп кабаттуу үйдөн кулаган адамды тосуп алды. Видео
Юниорлордун жергиликтүү футбол командасынын 13 оюнчусу машыктыруучусу менен кошо 23-июнда үңкүргө кирип кетишкен. Балдар 11-16 жаш куракта болгон. Алар Паттайи пляжына чейин барып, кайра кайтууну чечкен. Бир нече саат өткөндөн соң нөшөрдөн улам үңүкүргө суу толуп, чыга турган жолду жаап салган.

Издөө иштери 10 күн уланып, ага Таиланддын күч түзүмдөрүнүн миңге чукул аскер кызматкери, жай жарандар, ыктыярчылар тартылган. Үңкүрдө АКШнын аскер деңиз кызматынын суучулдары, Австралиянын сууда калгандарды куткаруу кызматынын адистери иштеген.

Басылма балдары аскерлердин талаа госпиталы, Тез жардам кызматынын 13 автоунаасы жана эвакуациялык тик учак күтүп жаткандыгын жазды.