Футбол: Швеция Швейцарияны утуп чейрек финалга чыкты

Оюн Санк-Петербургда өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнө чемпиоанатынын алкагында Швеция менен Швейцария курама командалары Санкт-Петербург шаарындагы "Санкт-Петербур" стадионунда беттешти. Швеция 1:0 эсебинде Швейцарияны утуп чейрек финалга өттү.

1 / 2
Россияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнө чемпиоанатынын алкагында Швеция менен Швейцария курама командалары Санкт-Петербург шаарындагы "Санкт-Петербур" стадионунда беттешти
2 / 2
Швеция 1:0 эсебинде Швейцарияны утуп чейрек финалга өттү.

Эсепти 66-мүнөттө Эмиль Форсберг ачып, командасын алдыга сууруп чыкты.

Оюнга словениялык калыс Дамир Скомина көз салды.

Калпак кийген Япониянын жараны футболдон кийин трибунаны тазалады. Сүрөт
Чейрек финалга өтүү үчүн болгон мелдеш кызыктуу өттү. Оюнчулар атаандашынын дарбазасына топ киргизүү аракетин көрдү. Биринчи таймда эки команда тең эсепти ача алган жок. Андыктан калыс Скомина бир мүнөт кошуп берди. Оюндун жүрүшүндө швециялык коргоочу Микаэль Лустиг оюн эрежесин бузгандыктан сары карточка алды.

Экинчи таймдын жүрүшүндө швейцариялык жарым коргоочу Валон Бехрами сары корточка алды. Швейцариялык коргоочу Михаэль Ланг кызыл карточка алып оюндан четтетилди.

Дамир Скомина экинчи таймдын негизги убактысы аяктагандан кийин 4 мүнөт кошуп берди. Бирок андан майнап чыккан жок.