Ошко мэр болом дегендердин арасында Акаев менен Матраимов бар. Болжолдуу тизме

Шаар башчылыгына талапкер катары дагы төрт кишинин аты аталууда.
Sputnik

ОШ, 3-июл. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев башка кызматка дайындалгандыгына байланыштуу анын ордуна алты адамдын талапкерлиги каралууда. Бул тууралуу шаардык кеңештеги өздүк булактар билдирди.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев кызматынан кетүүнү чечкенин жар салды
Алардын сап башында Жапар Ормонов турат. Ал учурда Ош шаардык кеңешинин төрагасы. Экинчиси "узак убакыттан бери Ош шаарынын мэри болот" деп келген Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов. Ал эл арасында "Раим миллион" деген атка конгон Раим Матраимовдун иниси.

Талапкерлердин арасында депутат Жанар Акаевдин да аты аталууда. Андан сырткары, Ош шаардык кеңешинин мурунку төрагасы, учурда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлатбек Алимбеков, Ош облусунун губернатору Таалай Сарыбашов жана Материалдык резервдер фондусунун мурунку төрагасы Гуламжан Анарбаев да бар.