Ошто балдарды уурдап органга сатып жатышабы? Милициянын жообу

Кыргыз тилиндеги аудио жазуунун чын-төгүнүн Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Интернет тармагында балдарды уурдап органга сатып жатканы боюнча билдирүү тарап жатат.

Кыргыз тилиндеги аудио жазуунун чын-төгүнүн Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

Ош облустук милициясынын маалымат кызматы аймакта мындай окуялар катталбаганын жана тарап жаткан билдирүү спам экенин айтып, ага көңүл бурбоо керектигин эскертти.