Адам эти желип жатабы? Интернетте жүрөк үшүн алган сүрөттөр тароодо

Тиркелген аудио жазылмада кыргызстандыктар үчүн да коркунуч бар экени айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Социалдык тармактардын Кыргызстандагы сегментинде адамдын кескиленген дене мүчөлөрүнүн сүрөттөрү жайылып жатат. Аны адам этин жеген кытайлыктар тамак-ашка колдонот деген маалымат тарап кетти. 

Фотографии распространяемые в кыргызстанском сегменте социальных сетей

Сүрөт менен кошо кыргыз тилинде сүйлөгөн аудио жазылма дагы жайылууда. Автор адамдар кытайлык каннибалдардын курмандыгы болуп жатканын айтып өткөн. Ал ошондой эле бул кыргызстандыктар үчүн да коркунуч экенин белгилеген. 

Фотографии распространяемые в кыргызстанском сегменте социальных сетей

Социалдык тармактардын колдонуучулары буга ишене берген жок. Мунун да жөнү бар. Себеби ал сүрөттөр ачык ресурстардан алынган. Таиланддык скульптор Киттивата Унарром адамдын дене мүчөлөрүнө окшоштуруп таттууларды жасап келет.

​Бул боюнча Культурология сайтына дагы маалымдалган. Автор токочтордун даамы укмуш экенин, бирок аны таттууну чыныгы сүйгөн адамдар гана ооз тийүүгө даай турганын белгилеген.