Радио

Шамшиев: кыргыз мыйзамында диаспора деген түшүнүк жок

Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Улан Шамшиев диаспора деген түшүнүктү мыйзамга киргизүү аракеттери көрүлүп жатканын айтты.
Sputnik
Шамшиев: кыргыз мыйзамында диаспора деген түшүнүк жок

Кыргызстандын мыйзамында диаспора деген түшүнүк жок. Бул тууралуу Улан Шамшиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда диаспораларды төрт тармак боюнча колдоо маселеси каралып жатат.

"Буга чейинки изилдөөлөргө таянсак, өлкөнүн мыйзамында диаспора деген түшүнүк жок экен. Учурда бул түшүнүктү мыйзамга киргизүү аракеттери көрүлүп жатат. Азыркы кезде диаспораларды төмөнкү тармактар боюнча колдоо маселеси каралууда. Алар — Кыргызстандагы мыйзам базасын өзгөртүү, экономикалык жана инвестицияларды тартуу боюнча карым-катнашты жүргүзүү, кызматташтыкты өнүктүрүү жана маданий-экономикалык тармактарды жандантуу", — деди Шамшиев.

Ал Кыргызстан үчүн диаспора жаңы түшүнүк экенин жана буга чейин чет мамлекеттеги журтташтарга жердешчилик катарында гана жардамдар берилип келгенин кошумчалады.