Орус окумуштуулары инфаркт дартын дарылоонун жаңы жолун табышты

Ген терапиясы — оорулуунун организминде жабыркаган же жетишпеген гендерди толуктоо үчүн жаңыларын кошуу.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Россиялык биологдор жүрөктүн инфаркттан кийин жабыркаган клеткаларын калыбына келтире турган ген терапиясын иштеп чыгышты. Бул тууралуу PLoS One журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Ген терапиясы жүрөктөгү жаңы клеткаларды жаратуучу майда бөлүкчөлөрдү активдештирип, жабыркаган клеткалардын ордуна жаңыларын тез арада иштеп чыгууга жардам берет", — деди Москва мамлекеттик университетинин окумуштуусу Павел Макаревич.

Кофенин ден соолукка таасирин окумуштуулар изилдеп чыкты
Анын айтымында, жүрөк кемтигинин пайда болушуна дал ушул клеткаларды жаратуучу майда бөлүкчөлөрдүн ишинин бузулганы себеп болот.

Инфаркт дартын дарылоонун жаңы ыкмасын адистер момолой чычкандарга сынап көрүп, ийгиликтүү жыйынтыгын илимий журналдарга жарыялашкан.

Ген терапиясы — оорулуунун организминде жабыркаган же жетишпеген гендерди толуктоо үчүн жаңыларын кошуп берүү.