"Ак-Ордо" конушунда үй өрттөнүп жатат. Бул тууралуу күбө WhatsApp-каналы аркылуу Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Бул үйдө көп балалуу эне жашайт. Анын тогуз баласы бар", — деди күбө.
ӨКМден маалымдашкандай, Сакеев көчөсүндөгү кырсык тууралуу маалымат 18.40да келип түшкөн. Жеринде эки өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат.
Жабырлануучулар тууралуу азырынча маалымат жок.