Август айынан баштап электрондук патент киргизилет. Долбоор алгач Бишкек жана Ош шаарларында иштеп баштайт. Бул тууралуу Жакып Карагул уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай кадамдар коррупцияны жоюуга өбөлгө түзөт.
"Биздин негизги ишибиз салык жыйноо, андан соң коррупция менен күрөшүү. Салык жыйноо натыйжалуу болуусу үчүн салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу жолдорун түзүп берүү да башкы максаттарыбыздын бири. Ошондуктан ЕАЭБдин алкагында электрондук салык жыйноо, товарларды маркалоону киргизип жатабыз. Ишке ашыруу мөөнөттөрү ар бир элементке өзүнчө коюлган. Ушул жылдын 1-июлунан тарта алгачкы кадамдар башталып, электрондук патент берүү августта Бишкек жана Ош шаарларында толук ишке киргизилет ", — деди Жакып Карагул уулу.
Ал ишкерлердин 194 номерине чалып, салык тууралуу бардык маалымат алууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады.