Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы Чортеков жана Күйүкова көчөлөрүнүн кесилишенин Honda Fit автоунаасы бир аялды коюп кетип, анын буту сынды. Бул тууралуу окуянын күбөсү Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналы аркылуу билдирди.
Жол кырсыгы 3-июлда кечки саат 22:40тар чамасында болгон.
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жабыкаркагын аял алып келингенин ооруканадан тастыкташты. Ага ылайык, аялдын эки бутунун кызыл ашыгы сынган. Учурда дарыгерлер операция жасап жатат.
Аялды сүзүп алган айдоочу аны өзү ооруканага алып келген.