Алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөр кайсы облустан көп чыкты? Инфографика

Сертификаттар жалпы республикалык тестирлөөдөн 219дан 237 баллга чейин алган окуучуларга берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков "Ала-Арча" резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган 59 бүтүрүүчүгө алтын сертификат тапшырды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги окууда ийгилик жаратып, жогорку көрсөткүчкө жеткен бүтүрүүчүлөр кайсы аймактагы мектептерден чыкканын тактап көрдү.

Университет, академияларды таппай жатасызбы? Өлкөдөгү ЖОЖдордун даректери
Өлкө башчынын колунан алтын сертификат алгандардын басымдуу бөлүгү борбор калаадагы мектеп окуучулары. Ал эми Ош шаарынан төрт, Ысык-Көл, Нарын облусунан үчтөн жана Талас менен Чүйдөн экиден окуучу алдыга озуп чыккан. Калган эки облустан бирден эле бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган.

Быйыл өлкөдө 59 миңден ашык окуучу мектепти аяктады. Алардын ичинен жалпы республикалык тестке 45 607 адам катышып, бүтүрүүчүлөрдүн 57 пайызы гана 110 баллдык көрсөткүчтөн өтө алган.

Эске сала кетсек, 2017-жылы Ысык-Көл, Талас жана Баткен облусунун окуучулары алтын сертификаттан куру кол калышкан.