Акинфеев менен Черчесовдун жеңиштен кийинки сөзү. Видео

Пенальтинин эки тобун тосуп алып Игорь Акинфеев оюндун башкы каарманына айланды.
Sputnik

Россия — Испания беттешүүсүнүн мыкты оюнчусу Игорь Акинфеев менен россиялык курама команданын машыктыруучусу Станислав Черчесов жеңиштен кийин "Россия 1" телеканалына комментарий берди.

Россияны чейрек финалга чыгарган ирмемдер жана элдин сүрөөнү. Видеолор топтому
Черчесов россиялык футболчулар эки жылдан ашуун убактысын бекер коротпогонун айтып, эмгек үзүрүн бергенин кошумчалады. Ал эми Акинфеев аябай кубанычта экенин, команда көбүнесе коргонууда болгондуктан көп күч-кубат кеткенин белгиледи.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалы 1-июлда өтүп, Россия Испанияны пенальтинин негизинде 4:3 эсеби менен утуп алды. Россиялыктардын тепкен тобунун баары атаандаштын дарбазасына кирсе, Акинфеев испаниялыктардын эки тобун тосуп алган.

Натыйжада Россия тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты. Эми 7-июль күнү Хорватиянын командасы менен беттешмекчи.