Радио

Сурабалдиева: тышкы карызды төлөөгө элден акча чогултуу туура эмес

КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева көмүскө салыктарды ачыкка чыгаруу менен тышкы карыздан кутулса болорун айтты.
Sputnik
Сурабалдиева: тышкы карызды төлөөгө элден акча чогултуу туура эмес

Тышкы карызды төлөө үчүн элден акча чогултуу туура эмес. Биз өзүбүздү өнүгүп келе жаткан өлкө дегенден кийин, эмне үчүн элден акча сурайбыз? Мындай пикирин Элвира Сурабалдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коррупцияны жоюп, бири-бирин кайталаган мамлекеттик органдарды кыскартуу менен өлкө карызынан кутулса болот.

"Келген кредиттердин баары эле коррупциялашып кеткен деп айтуудан алысмын. Алардын ичинде да жакшы идеялар аркылуу мыкты долбоорлорго иштетилгендери бар. Ошентсе да анализ жүргузүп, кайсы акча эмнеге жумшалганын иликтеп чыгыш керек. Эл бул тууралуу ачык маалыматтарга ээ болуусу зарыл. Андан соң гана калкка акча чогултуу маселеси менен кайрылсак туура болот деп ойлойм. Эгер алынган карыз максатсыз колдонулган болсо, эмнеге аны эл төлөшү керек? Мындай учурда элден акча чогултуу туура эмес", — деди Сурабалдиева.

Ал элдин бийликке болгон ишенимин көтөрүү керектигин кошумчалады.