БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Казакстандын Шымкент шаарында үйдүн подъездинде балага кол салды деген шек менен эркек киши кармалганын шаардык ички иштер башкармалыгына таянуу менен Sputnik Казакстан жазып чыкты.
Турак жайдын подъездине орнотулган видео камерадан алынган тасма социалдык тармак менен мессенджерлер аркылуу тарап кеткен. Анда бир кишинин кичинекей бала менен алпурушуп жактанын, андан кийин тепкичтин алдына жашынып калганын көрүүгө болот. Ал эми башка камерага үйгө аялдын кирип бара жатканы, ал эми эркек киши чуркап чыгып кеткенин көрүүгө болот.
Полициянын айтымында, окуя 1-июль күнү болгон. Кылмышка шектүү киши изи суубай колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Окуянын чоо-жайын иликтеп, аныктоо үчүн тийиштүү бардык экспертизалар дайындалган.