БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай сатып алууга берген насыясы жеткиликтүүлүк принцибине дал келбейт. Бул тууралуу вице-премьер Замирбек Аскаров мамлекеттик турак жай программасынын маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кеңешмесинде билдирди.
Вице-премьер Аскаров учурда Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу сатып алынып жаткан турак жайдын чарчы метри 658 долларды түзөрүн айтты.
"Мындай баа турак жайдын жеткиликтүүлүгү принцибине дал келбейт. Чарчы метрин 350-360 долларга баалаган, ошол эле учурда ар бир чарчы метрине 2080 сомдон салык төлөгөн курулуш компаниялары бар. Кабыл алынган "Жеткиликтүү турак жай" программасына карабастан, ипотекалык компания батирлерди рынок баасы менен сатууда. Мындай шарттарда мугалимдер жана врачтар жаңы батир сатып ала албасы түшүнүктүү. Насыянын ар жылкы үстөк баасын 6 пайызга төмөндөтүп, аны ишке ашыруу жолдорун табышыбыз керек", — деди ал.
Буга чейин аталган компания каражат берүүнү айрым себептерден улам токтотконун маалымдаган.